Курс НБ на 26.08.2019 $69,7882 €77,2311

​Солтон-Сары аймагында алтын кенин казып жаткан кытай компаниясынын бардык кызматкерлери аймактан чыгарылды

Коом
07 - Август 2019
www.erkintoo.kg
23
Техникалар Солтон-Сарыдан жакага түшүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта чыр чыккан аймакка биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев барган. Нарын облусундагы Солтон-Сары аймагында алтын казып жаткан компаниянын ишмердигине нааразы болгон эл бүгүн, 7-августта, Кара-Чий айылынан Бишкек — Нарын — Торугарт жолун тосууга камынууда. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу