Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €101,1579

Социалдык тейлөө кызмат көрсөткөндөрдүн жоопкерчилиги жогорулатылат

Коом
31 - Май 2017
www.erkintoo.kg
386
31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө  мыйзам долбоору каралып, 3-окууда добуш берүүгө жиберилди. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору социалдык кызматтарды көрсөтүү иштерин жүргүзгөн социалдык тейлөөнүн жарым-жартылай стационардык уюмдарында жана мекемелеринде аккредитациялоо жол-жобосун жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Аталган мыйзам долбоорлору боюнча Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова баяндама жасады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.