Курс НБ на 09.12.2018 $69,8499 €79,4752

Социалдык тармактардагы орунсуз каралоолорду токтотуу зарылдыгы айтылды

Коом
11 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
55
Депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында УКМКнын өкүлүнө экстремисттик жана террордук маанайда маалымат тараткан интернет сайттарды тезинен жабууга чакырык таштады. Ал маалыматтардын башкы булагын же кайдан тарап жатканын аныктап, ошол сайттарды жаба аласыздарбы деген суроону кабыргасынан койду. Буга УКМКнын өкүлү коомго туура эмес чакырык таштаган маалыматтардын кайдан чыгып жатканын аныктоого болорун айтып, аларды жабууда кыйынчылыктар бар экендигин билдирди.
Депутат айым ошондой эле социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан туура эмес маалыматтар жана орунсуз каралоолор боюнча эл аралык уюмдарга кайрылсак дагы чара көрүлүүсү керектигин айтты.
Эркинтоо пресс


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу