Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Сүлүктүгө барып, кырсыкка кабылып оор жаракат алган кыз ооруканада

Коом
06 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
103
Бишкек шаарында жашаган кыз Сүлүктү шаарында унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 4-декабрда Т.Ибрагимов жана Амраев көчөлөрүнүн кесилишинен «Хендай Портер» жана «Опель» унаалары кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы А.З. оор жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилди.
Учурда аталган кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.