Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Шымкенттеги окуя: урап түшкөн 2 кабаттуу үйдөгү ымыркайды бешик сактап калган

Коом
10 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
330
Кырсыктын айынан ымыркайдын 29 жаштагы энеси каза таап, дагы беш адам ар кандай жаракаттарды алган.
 Шымкентте урап түшкөн эки кабаттуу үйдөгү ымыркайды бешик сактап калганын Tengrinews агенттиги жазып чыкты. Маалыматка караганда, бир жаштагы Аруужанды урандылардан бешиктин конструкциясы сактап калган. "Үй ураганда урандылар бешиктин үстүнө түшкөн. Бактыга жараша, бешикти кармап термете турган жыгачы ымыркайдын өмүрүн сактап калган",-деп айтылат маалыматта.Кырсык катталган үйгө коңшу жашаган Улуттук гвардиянын аскер кызматкери Руслан Бахрамов жубайы Тез жардам менен ӨКМди чакырганча, ал урандылардын алдынан бир жашар Аруужан менен анын үй-бүлөсүн алып чыгууга жетишкен. Кырсыктын айынан ымыркайдын 29 жаштагы энеси каза болуп калган. Белгилей кетсек, трагедия 8-январдын таңында болгон. Эки кабаттуу үйдү эки үй-бүлө ижарага алып жашап келген. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза таап, беш адам ар кандай жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыкка газдын жарылышы себеп болгон.
Булак: Sputnik

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.