Курс НБ на 23.09.2020 $79,2643 €93,0682

Шыкмаматов өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди

Коом
27 - Март 2017
www.erkintoo.kg
362
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго айыбын угузуп, Кыргызстандан сыртка чыкпоого милдеттендирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, башкы прокуратура 17-февралда Шыкмаматовго жана Эсептөө палатасынын жооптуу кызматкерлерине «коррупция» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Депутат өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, муну бийликтин басымы катары баалап келет. Ал буга чейин УКМКга эки ирет суракка чакырылган. Ишти учурда атайын кызмат териштирүүнү улантууда.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.