Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Шайлоочулардын тизмеси такталат

Коом
15 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
709
Шайлоочулардын тизмесин тактоо процесси 26-ноябрга чейин улана тургандыгы тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Маалыматтар боюнча учурда шайлоо участоктору ачылып, участкалык аймактык комиссиялар жер-жерлердеги мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барып жатат. Эскерте кетсек, өлкөдө  жергиликтүү кеңешке шайлоо жана Баш мыйзамды өзгөртүүгө багытталган референдум ушул жылдын 11-декабрына белгиленген.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.