Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

Шайлдабекованын шайы кетип жатабы?

Коом
22 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
600
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова ЖК комитеттеринде участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө акчалай сыйакыларды төлөп берүү каралган мыйзам долбоорун өткөрө албай шайы кетүүдө.
Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде ал эгер мыйзам долбоору ушул жума ичинде кабыл алынбаса, участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн иштете албай калабыз деген оюн билдирди.
“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Өмүрбек Бабанов “шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн иштете албасаңыз ордуңузду бошотуңуз” деп маселени кабыргасынан койду.
Нуржан Шайлдабекованын айтымында, учурда Кыргызстан боюнча участкалык жана аймактык комиссиялардын 23 миң 700 мүчөсү бар. Алардын сыйакысына 140 миллион сом талап кылынат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.