Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Шаарды жашылдандыруу кышында башталат

Коом
05 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
56
Бул тууралуу  “Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын директору Элнура Жолдошева Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, келээрки жылда шаар газондорун калыбына келтирүү иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулат. " Бардык жыл мезгилинде биз үчүн иш көп. Азыр куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркып, жаңы көчөттөрдү отургузуп жатабыз. Келээрки жылы газондорду жаңылоо биз үчүн алдыңкы планда. Андан сырткары, көчөттөр өстүрүлчү гүл бакчада дагы иштер тынымсыз жүрүп жатат. Ал жерди инфекциядан коргоо, тазалоо иштери жүрөт. Андан кийин декабрь айында үрөндөр себилет, алар үшүп калбашы үчүн жылуулоо, жазгыга гүлдөрдү отургузуу үчүн орундуктарды камдоо иши башталат", — деген Жолдошева маек учурунда. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу