Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Сербияга визасыз барууга болот

Коом
07 - Декабрь 2017
www.erkintoo.kg
148
Эми кыргызстандыктар Сербияга визасыз эле каттай алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Сербияга болгон сапарынын алкагында макулдашылды.  Маалыматка ылайык, Сербия менен Кыргызстандын ортосунда жалпы жарандык паспорттун ээлери үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визалык талаптарды жокко чыгарган макулдашууга кол коюлду.  Мындан сырткары Cербия тарапка айыл чарбасы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү багытында  эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.