Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

​Сентябрь айынан тарта Россия — Кыргызстан — Россия ортосундагы авиакаттамдар толугу менен ачылып калышы ыктымал

Коом
25 - Август 2020
www.erkintoo.kg
86
Бул тууралуу Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
 "Эл арасында Россия — Кыргызстан авиакаттамдары 1-сентябрдан тарта ачылат экен деген кеп тарап жатат. Бул чындыкка дал келбейт. Ооба, учурда сентябрда авиакаттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бирок бул айдын биринен тарта дегенди түшүндүрбөйт. Эки өлкө ортосунда пандемияга чейин жумасына 50 каттам ишке ашырылып турчу экен. Андыктан суроо-талап жогору экенин түшүнүп турабыз. Бирок элди сабырдуу болуп, ар кандай маалыматтарга ишенбей, расмий булактардын гана кабарларына кулак түрүүгө чакырам", — деди Жекшенкулов маек учурунда.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу