Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Сауд Аравия Кыргызстандын товарын алууга дилгир

Коом
06 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
298
Сауд Аравия өлкөсүнө товар экспорттой турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды киргизүү боюнча Кыргызстан менен Сауд Аравия падышачылыгы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлигинен маалымат кызматы билдирди. 3-4-апрелде Айыл чарба министри Нурбек Мурашев Сауд Аравия падышачылыгына болгон иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Азык-түлүк жана медикаменттер башкы башкармалыгынын жетекчиси Хишам бин Саад Аль-Жадий менен жолугушкан.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.