Курс НБ на 09.04.2020 $77,8000 €84,5647

​Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6 миң 110 орун бөлдү

Коом
06 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
88
Быйыл ажылык сапарга аттануучулар үчүн Сауд Арабиясы Кыргызстанга 6 миң 110 орун бөлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман Машаддын Мекке шаарында өткөн жолугушуусунда белгилүү болду. Анда Кыргызстандын ажылык сапарды уюштуруу иштери мыкты деп табылганды. Муфтияттын башка маалыматына таянсак быйыл жылга ажылык сапарга барам деп катталгандардын саны 7 миң адамдан ашкан. Белгилеп өтсөк, 2019-жылдагы  ажылык үчүн Кыргызстанга 5485 орун бөлүнгөн.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.