Курс НБ на 23.01.2018 $69,3433 €84,8901

Сасык тумоодон сак болуңуз

Коом
11 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
28
Бул жылы өлкөдө  штамм H3N2 сасык тумоосу активдүү болуп жатат. Аны австралиялык сасык тумоо деп аталат. Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасына бир күндө 260тан ашык бейтап кайрылса, анын жүзгө жакыны сасык тумоого чалдыккандар. Дарыгерлердин айтымында, сасык тумоо менен көп учурда балдар ооруйт. Бул алардын организминде ооруга каршы турган иммунитеттин жоктугуна байланыштуу болот.
Кантип алдын алабыз?
Вирусту жуктуруп алууга жакын болгон балдарды жана кары адамдарды абайлоо керек. Ысык жерден муздакка чыкканда же тескерисинче киргенде этияттык зарыл. Сасык тумоонун вирусу суукта жакшы өрчүгөндүктөн суукка калың кийинип чыгып, үшүп калбоо зарыл. Үйдү такай шамалдатып туруу сунушталат.  Жеке гигиенаны сактоо, маска тагынуу, эң негизгиси иммунитетти көтөрү  оорунун алдын алат.

Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу