Курс НБ на 04.03.2021 $84,8000 €102,3960

Сасык тумоо күчөйт!

Коом
15 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
108

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда  билдирди. Анын айтымында декабрдын аягы, январда сасык тумоо күч алат.  Анткени  курч респиратордук вирустуу инфекциялык (КРВИ) оорулардын сезону бүтө элек.

"Декабрдын аягы, январь айларында сасык тумоо оорусунун өсүшүн жылда байкайбыз. Бул илдет көбөйүп, күчөп кетпеши үчүн атайын эмдөөлөрдү уюштурганбыз. Сентябрдан бери эки этап менен 284 180 адам сасык тумоого каршы вакцина алды. Дагы 550 миң доза вакцина алып келинген, декабрдын башынан бери 3 этап менен Кыргызстандын бардык аймактарында, шаарларында эмдөө жүрүп жатат. Учурдан пайдаланып элди вакцина алууга чакырып кетем. Анткени сасык тумоодон жакшылап сактануу кажет", — деди Үсөнбаев брифинг учурунда. 


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу