Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

Саратовдо каза тапкандардын сөөгүн жүктөгөн унаа Бишкекке келе жатат

Коом
17 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
450
Саратов облусундагы жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн жүктөгөн Mersedes Benz автоунаасы Бишкекке багыт алып келе жатат. Мындай маалыматты ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, 15-январда Нижний Новгород — Саратов  автоунаа жолунда жүк ташуучу унаа менен кичиавтобус кагышкан. ӨКМдин кызматкерлери каза болгондордун ким экенин аныктап, туугандарына кабар берген. 16-январь күнү каза тапкандардын   туугандары таанып, Саратовдогу кыргыз диаспорасынын көмөгү менен сөөктөр Mersedes Benz автоунаасы менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.