Курс НБ на 19.11.2018 $69,8400 €79,2474

Сапаттуу бала бакчалар – ийгиликтүү келечектин ачкычы

Коом
03 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
60
Тээ 90-жылдардын башында өлкөдө 1696 балдар бакчасы иштеп, ар бир үчүнчү бала мектепке чейинки даярдыктан өтүшчү. Учурда бул көрсөткүч кескин азайган. Тагыраагы, союз тарагандан тарта мамлекеттик ишкана-мекемелер мыйзамсыз менчиктелген.  Мындай жок болуу коркунучуна шаардагы бала бакчалар гана эмес, айылдагылары да дуушарланган.
Учурда Кыргызстанда 1500дөн ашуун балдар бакчасы иштейт. Дал ушул бала бакчаларда 189 миңден ашуун бала мектепке чейинки билимди алышат. Балдарга сапаттуу билим берүү – келечектин башаты демекчи менчиктешип кеткен бакчаларды мамлекетке кайтаруу, жаңыларын ачуу же заманбап талаптарга жооп бергидей жабдуу иштери элет жеринде да көтөрүлүп келет. Бала бакчаны кайра жандандыруу иштеринен Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы “Ийгилик” бала бакчасы куру эмес. Региондорду өнүктүрүү жылында алдыга кадам таштаган айылдык бала бакчасынын башчысы Анипа Асанбековага кайрылдык.

- 1974-жылы курулган бала бакча союз тарагандан кийин менчикке өтүп, айыл тургундары турак-жай катары колдонушкан. Буга чейин жарымы менчик бала бакча болуп түзүлгөн мекеме толугу менен 2011-жылы жарым-жартылай мамлекеттин кармагына өткөрүлгөн. Учурда толук мамлекеттик болуп кайра түзүлдү. Мекеменин жарымын жаңы жыл менен ишке киргизсек деген оюбуз бар. Мында тарбияланган балдарды 16 кызматкер тейлейт. Айыл аймактарын өнүктүрүү жылында бала бакчанын жаңырышы айылдык наристелердин көңүлүн көтөрүп, бакчага баруу сезими калыптанат. Дегеним,  башталгыч класстын мугалимдери көп учурда ата-энелерге балдар бакчаларында тарбиялангандар мектеп партасына да тез көнөөрүн айтып келишет. Үйдөгү балдар менен бала бакчасында тарбияланган балдардын ортосунда  чоң айырма бар. Мектепке чейинки билим берүү мекемесинде билим алышат, экинчиден, витаминдүү тамактар менен тамактанышат, тарбияга көнүшөт. Мектеп босогосун аттаганда эле математикалык фигураларды, өң-түстү ажыратып, санаганды билишет. Мында сабактар өтүлүп, оюндар ойнотулуп, дегеле балага керектүү таалим-тарбия алышат.
 - Балдар бакчасы заманбап жабдуулар менен жабдылганына күбө болдук. Кадимки шаар жериндеги бала бакчадай...
- Ушул айылдын кызымын. Кесибим – эл аралык финансист. Буга чейин Японияда бир канча жыл котормочулукту аркаладым. Элиме пайдалуу иш кылуу максатында  Кара-Суу айылындагы бала бакчаны заманбап деңгээлге жеткирүү керектигин түшүндүм. Ошондон тарта эл аралык уюмдардын долбоорлоруна катыштым. Айыл өкмөтүнө Германиянын эл аралык кызматташтык коому жардам берерин угуп, айылдык бала бакчанын өтө оор абалда экенин түшүндүрдүм. Долбоор аяктап калгандыгына туш келгендиктен, GIZдин координатору балдар бакчасынын аялуу сүрөттөрүн көргөндөн кийин акыркы экономдолгон каражаттан  жардам беришерин билдирди. GIZден жардам алуу үчүн мекеменин ичинде ысык, муздак суу, пол түз болсун деген талаптарын коюшту. Дал ушул өтүнүч менен айыл өкмөткө кайрылганымда, жабдыктарды алууга 300 миң сом  бөлүп беришти. Ата-энелер, бала бакчанын жамааты колдон келген жардамдарын беришти. Жамаатыбыз менен күн-түн билбей ремонт иштерин жасадык.
Долбоордун талабын аткаргандан кийин 1 миллион 500 сомдук инвентарь түрүндө жардам беришти. Өзүмө-өзүм ишенген жокмун, ал тургай бала бакчага жабдыктар келип түшкөнчө ишенбедим. Бир кездеги артта калган Түркияны алсак, креативдүү жаштары гана өнүккөн өлкөгө айландырышкан. Өлкөнү өнүктүрүү үчүн ар бирибиз өз айылыбыздан баштасак ар бирибиздин колубуздан келет. Максатым – толугу менен заманбап бакчага айландыруу. Балдарга музыка, көркөм адабият, орус тил, математика сабактары өтүлөт.
Кайсыл жердин билимин алсам, ошол билимимди айылдык балдар бакчасына жумшадым.  Эл аралык байланыш адисимин, Японияга барганча “Себат” билим берүү мекемесинде япон тили мугалими болуп, япония тилинен облустук балдар борборунда сабак бердим, Нарын университетинде япон борборунда директор болуп иштедим. Ушул тажрыйбаларымды бакчага салып жатам. Анткени өзүм төрөлгөн айылымдын наристелери заманбап балдар бакчасына барса деп тилейм.
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн бала бакча боюнча адиси Чынара Табылдыева:
-Кочкор районда союз тарагандан кийин 2000-жылдарга чейин мектепке чейинки билим берүү жоюлуп кеткен. Алардын бири – “Ийгилик” бакчасы. Кийин жамааттык болуп жарымы кенже курактагы балдарды өнүктүрүү долбоорунун негизинде ачылган. 2012-жылы тарбиячылардын гана айлыгын төлөө менен бакчанын материалдык базасын чыңдай алган жок.  Бир мезгилде райондо 7 бала бакча гана калган. Учурда 27 бала бакча бар. Алар бүгүн өз киндиктерин өздөрү кесип, чет өлкөлүк уюмдар менен жармакташып, базаларын чыңдап жатышат.  Өткөн жылдын жыйынтыгы менен райондо 2 гана бала бакча талапка жооп берет экен. Талапка жооп бербеген “Ийгилик” бала бакчасын көтөрүүгө Анипа Асанбекова болгон аракетин жумшады. GIZ долбоорунун акыркы каражаттарын алып калышты. Ушул программа менен ашкана жабдуусунан тартып балдар жаткан керебеттери, шейшеп, жууркан-төшөктөрү, стол, стулдарына чейин келди. Айылдык бала бакча үчүн өтө кубанычтуу кабар. Учурда бала бакчанын башка ремонт иштерин аткарууга мамлекеттик түрткү берүүчү грантка жаздык.
Айылдык кеңештин депутаты Асийкан Насирдинова:
-Ушул бала бакча ишке кирген мезгилде иштеген тарбиячылардын биримин. Мектеп чейинки билим берүүдөгү мекеме катары көз алдымда. Чарба тараганда бош калган имаратка дүкөн ачты, айылдыктар жашады, колунан келгени жабдыктарын көтөрүп кетип талоонго да учураган. Жашагандар эшик-терезесин ар кай жеринен чыгарышкан. Аял жолдоштор менен балдардын келечегине кызмат кылсын деген маселени көтөрүп чыгып, соттошуубуз Жогорку сотко чейин жетти. Ошол мезгилдеги Өкмөттүн бала бакчалар мамлекетке кайтарылсын деген токтому чыгып калып, кайтарып алууга жардамы тийди. Бербей жатып бошотуп бергенден кийин жабдууларынын баары талкаланып жок болгон. Абалы абдан оор эле. Анипа Асанбековага тапшырма берип, өз элиңдин балдар мекемесин оңдо деп баатыр энелер тапшырышты. Ушул кыздын аракети менен бир топ иштер аткарылды. Келечеги жакшы болот деп турабыз.
Айылдык кеңештин депутаты Жеңиш Осмоналиев:
-Айтайын дегеним,  уюштургуч, иштин көзүн тааныган адам оор иштен эч качан коркпойт. Энелердин ишеними менен Анипа Асанбековага тапшырылган бала бакчага эмне деген заманбап жабдуулар келип түштү. Өз айылына кылган кызматына биз да ыраазы болуп турабыз. Бакчаны ушул абалга көтөрдү. Айыл эли да ыраазычылыгын билдирип жатат. Айыл аймактарын көтөрүүгө ушундай жаштар керек. Бакчадагы өзгөрүүнү бүгүн көрдүм. Мекеменин эскилигине карабай болгон эмгегин жумшаптыр. Мындагы балдар мектепке даярдык менен барышат.
“Финка банк” Кочкор филиалынын кредит бөлүмүнүн менеджери Чыңгыз Төрөканов:
-Кара-Суу айылынын бала бакчасына балдардын бутуна жылуу болсун деп полго төшөй турган килемдерди алып бердик. Бакчада эскирип, жарактан чыккан килемдер турчу эле. Жаңы буюмга бардык балдар көңүл бөлөт эмеспи. Бала бакчанын жетекчиси Анипа Асанбекова бакчага керектүү буюмдарды алууга жардам сурады. Балдарга жагымдуу шарт түзүүгө демөөрчү болуп бердик. Айылдык бала бакчада тарбияланган балдар келечекте мамлекетти өнүктүрөт деп ойлойм. Негизинен айыл өкмөттөн да жардам берилген менен ал жетишпейт да. Мындан ары да ар тараптуу иштешебиз деген ишенимдебиз.
Асел Барыктабасова
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу