Курс НБ на 28.05.2020 $73,7136 €81,0776

Сапар Исаковдун жана башкалардын коронавируска анализи таза чыкты

Коом
13 - Май 2020
Эркин Тоо
44

Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы  билдирди. Маалыматка караганда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын камактагы тарапкерлеринен жана саясатчы Равшан Жээнбековдон коронавируска алынган анализдердин баары таза чыккан. Эске салсак, 8-майда Бишкектеги №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен COVID-19 табылган. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы абакта абал туруктуу деп, кооптонууга негиз жок экенин билдирген.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу