Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Самса менен мантыдан 6 адам ууланыптыр

Коом
11 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
342
Бишкекте  өткөн айда жалпысынан самса, мантыдан 6 адам ууланган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө департаментинин тамак-аш бөлүмүн жетекчиси Токтогул Базарбаев SUPER.KG порталына кабарлаган. Маалыматка ылайык, ууланып катталган 6 жаран тең тамак-ашты мыйзамсыз түрдө саткан жайлардан алышкан.” Адегенде тигүү цехинде иштеген 4 адам мантыдан ууланган. Алар мантыны Ош базарындагы Бейшеналиева көчөсүндө тамак-ашты араба менен көчүп саткан соодагерлерден алышкан. Үч сааттан кийин манты жеген тургундардын 4өөндө тең уулануунун белгилери пайда болуп, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилип, дарыланышкан. Мындан тышкары 1,5 жана 7 жаштагы эки бала самсадан ууланышып дарыланышты”,-дейт Токтогул Базарбаев 
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.