Курс НБ на 20.08.2018 $69,4557 €79,1552

Салык кызматындагы даттануулар

Коом
10 - Май 2018
www.erkintoo.kg
41
2018-жылы үч айдын ичинде Мамлекеттик салык кызматына жарандардан 55 кайралуу жана даттануу келип түшкөн. Алардын ичинен 30 билдирүү салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине, 4 билдирүү салык мыйзамын бузган салык төлөөчүлөргө жана 21 билдирүү башка ар кандай маселелерге байланыштуу.
Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында 2 кызматкер иштен бошотулду, 4 кызматкерге сөгүш жарыяланды, 5 кызматкерге сын-пикир айтылды, 1 кызматкерге катуу эскертүү берилди, 1 кызматкер ротациялоого дуушар болду, ал эми 1 факт боюнча материалдар прокуратурага берилди. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө салык мыйзамдарын бузган салык төлөөчүлөр тууралуу 4 кайрылуунун ичинен 3 билдирүү боюнча мыйзам бузгандарга административдик мүнөздөгү чаралар колдонулду.
Майрам Касымалиева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.