Курс НБ на 27.04.2018 $68,6425 €83,5448

Салык кызматында ишкерлер жолугушту

Коом
17 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
104
Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов ЖИА бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү –ишкерлер менен жолугушту.
Ачык диалог жана эркин пикир алмашуу формасында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар салык чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты. Алсак, ишкерлер ЕАЭБдин алкагында товарларды алып өтүүдө салык жол-жоболору, салыктык каттоонун колдонуудагы механизми, ККМ онлайнды киргизүү, сатуу салыгы, Маалымат борборунун ишмердиги, патент системасы менен байланышкан жана чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү билдиришти.
Бир катар ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорт кылуу максатында салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты берүү механизмин кайра карап чыгууну сунуш кылышты. Маалымат борборунун көрсөткөн кызматтарынын сапаты жана ыкчамдуулугу боюнча сын-пикирлер айтылды. Ишкерлер сатуу салыгы жоюлаарына, ломбарддарды (патенттик негизде иш алып барган) ККМ онлайнга өткөрүү эмнеге негизделгендигине кызыгышты. Эсеп-фактуралардын ыйгарылган серияларынын жана номерлеринин санына коюлган чектөөлөрдү алып салуу, айыл жергесиндеги ишкерлер үчүн келечекте патенттин айрым түрлөрүн калтыруу, субьекттер тарабынан КНС боюнча ашыкча төлөмдөрдү кайтаруу жана ордун толтурууну алуу боюнча көйгөйлөр тууралуу сунуштар айтылды. МСКнын башчысы Октябрь Абдыкаимов ар бир айтылган көйгөйлөр боюнча түшүндүрмө берди.
Мээрим Казымбекова,
“Эркин Тоонун” практиканты


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу