Курс НБ на 04.04.2020 $84,8713 €91,6483

Р.Төлөгөновдун ишин башкы прокуратура карамай болду

Коом
28 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
292
Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин талап-тоноочулук фактысы боюнча экс-депутат Райкан Төлөгөновго карата козголгон кылмыш иши иликтенип бүтүп, башкы прокуратурага жиберилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөө тарабынан материалдар жана бул кылмышка катышкан бир катар күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2017-жылдын 28-мартында «Ата-Мекен» партиясынын мурунку депутаты Райкан Төлөгөновго талап-тоноо фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аягына чейин Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу  тергөө абагына камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы каралган.
Учурда материалдары Башкы прокуратурага кылмыш ишин бекитип, андан ары сотко өткөрүп берүү үчүн жөнөтүлдү.
Нур Балбак


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.