Курс НБ на 20.08.2018 $69,4557 €79,1552

Роза Акназарова, коомдук ишмер: “Мекенибиздин келечегин ойлогон ишкерлер илимдер академиясын колдошу керек”

Коом
13 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
43
Ал мындай пикирин УИАда өткөн Академиялык инвестициялык форумда билдирди.
"Илимдер академиясында ушундай жаңыча иш башталып жатканын мен кубануу менен кабыл алдым. Бул жерде инновациялык эмгектер дагы, бизнес борбор дагы болгону жакшы. Бизнес-инкубаторлор уюштурулса болмок, мисалга, таш кесүү же дары чөптөрдү жыюу ж.б. иштер боюнча жакшы натыйжага жетишмексиздер. Мында чет өлкөлүк эмес, кыргыз ишкерлеринин активдүүлүгү талап кылынууда. Бүгүнкү күнгө чейин илимдер академиясы илимий потенциалды көздүн карегиндей сактап келди, эми мекенибиздин келечегин ойлогон ишкерлер илимдер академиясын колдошу керек", - деди ал.
 
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу