Курс НБ на 13.12.2018 $69,8300 €79,0615

Россия Кыргызстандагы мектеп тамактануусуна 10 миллион доллар бөлөт

Коом
12 - Март 2018
www.erkintoo.kg
181
Бул туурасында бүгүн, 12-мартта өлкөбүздүн билим берүү жана илим министри Гүльмира Кудайбердиева билдирди.
Министрлик жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлук уюму кийинки беш жылга мектептерде ысык тамак берүү программасын кеңейтет жана ал өлкөбүздүн башталгыч мектептеринин жарымынан көбүн өзүнө камтыйт. Программа Россия тарабынан көрсөтүлүүчү 10 миллион доллар каражаттын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Министрдин айтымында, Россиянын колдоосунда Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун Азык-түлүк программасы кенже класстардын окуучуларын тамактандыруунун сапатын жакшыртууну улантат. “Программанын социалдык-экономикалык жактан пайдасы да бар – биринчи кезекте балдар менен ата-энелерге жеңилдик болот, экинчиден аймактардагы фермерлер өндүргөн продукцияларын өткөрүүгө мүмкүндүк алышат”, - деди Гүлмира Кудайбердиева.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.