Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Республикалык соттук-медициналык экспертизага 31 кишинин денелери өткөрүлдү

Коом
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
298
“Манас” аэропортуна жакын жердеги авиакырсыктан улам республикалык соттук-медициналык экспертизага 31 кишинин денелери өткөрүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ушул тапта алардын жакындарына медициналык-психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө,-делет маалыматта. Буга чейин мерт кеткен 31 кишинин денеси жана 9 адамдын дене мүчөлөрү табылганы тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан учурда ырастаган.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.