Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

​Региондордо робототехника ийримдери ачылып, техникалык жабдуулар жардам катары тапшырылууда

Коом
19 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
54
2019-жылдын 17-18-сентябрында Ош шаарындагы “Мээрим” балдар билим борборунда жана Кадамжай райондук мектеп-лицейинде робототехника ийримдеринин ачылышы жана Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги (ТИКА) тарабынан каржыланган техникалык жардамдарды тапшыруу салтанаттары болуп өттү.
Иш-чарага Кыргызпатенттин статс-катчысы Талант Конокбаев, Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат, Түрк кызматташтыгы жана координация агенттигинин Кыргызстандагы координатору Али Муслу, Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Улан Сыдыков, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов, “Мээрим” балдар билим борборунун директору Айниса Эгембаева, Кадамжай райондук мектеп-лицейинин директору Айжаркын Садыкова жана башкалар катышты.
Алдыга коюлган максат-милдеттерди аткаруу максатында Кыргызпатент эл аралык институттар менен байланышып чоң иштерди аткарды. Атап айтканда, аймактарга робототехника ийримдерин ачуу үчүн техникалык колдоо көрсөтүүгө демөөрчүлөрдү тартуу боюнча иштер жүргүзүлүп, Түрк кызматташтыгы жана координация агенттигинин (ТИКА) өкүлчүлүгүнөн колдоо тапты.
Натыйжада Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги тарабынан балдар үчүн техникалык ийримдерге 2 миллион сомдон ашык (компьютерлер, 3Д принтерлер, робототехника ийримдери үчүн топтомдор) техникалык жардам алынган болчу.
Кыргызпатент Аймактарды өнүктүрүү жана санариптеширүү жөнүндөгү Кыргыз Респбликасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында мына ушул техникалык жардамды 4 областка бөлүштүрүп, Ош, Ысык-Көл, Баткен жана Талас областарындагы балдар билим берүү борборлорунда робототехника ийримин ачууну максат коюу менен техникалык жактан колдоо көрсөткөн ТИКА жана Кыргызстандагы координатору Али Муслу мырзага терең ыраазычылык билдирет.
Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштар, боордоштук жана достук мамилелерди мындан ары да улантуунун зарылдыгын белгиледи.
ТИКА социалдык жактан пайдалуу жана инфраструктураны жакшыртуу максатында саламаттык сактоо, айыл чарба, өзгөчө билим берүү тармагына керектүү долбоорлорго көңүл буруп келген. Бул ирет жер-жерлердеги мектептерде Кыргызпатент тарабынан ачылып жаткан робототехника ийримдерине техникалык колдоо көрсөтүп, жабдуулар менен толук камсыз болгон бул ийримдердин окуучулары татыктуу билим алышына шарт түзүлүүдѳ.
Иш-чаранын алкагында Кыргызпатенттин, ТИКА жана “Мээрим” балдар билим борборунун ортосундагы кызматташуу жана техникалык жардамды колдонуу жѳнүндө үч тараптуу келишимге кол коюлду. Ушундай эле үч тараптуу келишим Кадамжай райондук мектеп-лицейи менен да түзүлүп, ага кол коюлду.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу