Курс НБ на 01.04.2020 $82,2000 €90,0665

Рактан каза тапкан аялдар азайган жок

Коом
28 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
446
Кыргызстанда  жылдан жылга төрөт убагында жана төрөттөн кийинки мезгилде эне менен баланын өлүм көрсөткүчү азайды. Аялдардын жүрөк кан тамыр ооруларынан кийинки орунда рак оорусу турат. Маалыматтарга караганда, көкүрөк рагы жана жатын рагы көп катталууда. Мындай маалыматты  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Аманкелди Мурзалиев Жогорку Кеңештеги  жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, жатын рагы менен  Нарын облусу биринчи орунда турса, Чүй облусу экинчи орунда турат. Орун басардын айтымына караганда, көпчүлүк учурда аялдар оорусу күчөп кеткенде кайрылышат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.