
Курс НБ на 05.03.2021 $84,8000 €102,1077

Ракка чалдыккан аялдарга кеңеш берүүчү жай ачылат
Бүгүн Улуттук онкология жана гематология борборунда көкүрөк бездеринен жана жатын өсмөсүнөн (рак) жабыркаган аялдарга кеп-кеңеш берүүчү борбордун ачылышы болот. Аталган борбор ракка кабылган аялдардын жашоосун жеңилдетип, аларга сапаттуу жана жеткиликтүү дарыланууга шарт түзүү жана эрте аныкталган өсмө оорусун айыктырууга мүмкүн экендигин түшүндүрөт. 2019-жылы Кыргызстанда көкүрөк бездеринин өсмөсүнө чалдыккан 624, жатын рагына кабылган 408 аял катталган. Каза болгондордон дагы биринчи орунду көкүрөк бездеринин рагы ээлеген.
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек