Курс НБ на 24.04.2019 $69,7009 €78,4240

Президент парламентте кайрылуу жасады

Коом
11 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
46
Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде, КР Жогорку Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысынын сөзү кыскача  берилет:

“Урматтуу мекендештерим!
Акыркы мезгилде коомубуз ашкере  саясатташып, элдин көңүлүн буруу максатында ар кыл саясий топтордун бир катар аракеттери болуп өттү. 
Аларга карата көп улуттуу элибиз кеменгердигин, саясий жетилгендигин дагы бир ирет көрсөттү. 
Акылман калкыбыз мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты,  коомдун биримдигин башкы дөөлөт катары тандаганын тастыктады. 
Чагымчылдыкты кабыл албаган, ынтымакты жогору баалаган, тарых-тамыры терең, рухий көрөңгөсү күчтүү, чыныгы эркиндикти сүйгөн эл экендигин далилдеди. 
Менин аруу тилегимди баамдап, ак ниет аракетимди колдогон, калыстыкты, адилеттикти туу туткан элибизге тереӊ ыраазылык билдирем. 

Урматтуу мекендештерим!
Элибиз карт тарыхтын катаал сыноолорун баштан кечирип, улут болуп сакталып келдик. 
Улуттун рухун, маданиятын жана тилин аздектеп, өз заманына жараша өнүктүргөн эл болгонубуз үчүн сакталдык. 
Кыргыз элинин көөнөрбөс тарыхы, улуу мурасы, көркөм казынасы, өзгөчө маданияты бар.
Эми жалпы адамзат жеткен технологиялык жетишкендиктерди өздөштүрүү зарылдыгы турат.
Ошол эле убакта, өз маданиятыбызды, улуттук өзгөчөлүгүбүздүн далили болгон каада-салтыбызды, жаркын пейилибизди сактап калууга умтулушубуз абзел. 
Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берүү – биздин башкы милдет. 
Руханий биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир улут катары келечекке багыт алуубуз эң зарыл деп эсептейм.
Ушундай шартта биздин өлкөдө Кыргыздар – көп улуттуу элибиздин биримдигин бекемдеген, ынтымагын арттырган мамлекетибиздин уюткулуу өзөгү болуп кала берет.
Дүйнөлүк ар кыл коркунучтарга, руханий экспансияга билимибиз, маданиятыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз менен туруштук беребиз.
Ал үчүн өлкө ичиндеги процесстер менен чектелбей, дүйнөлүк тенденцияларга көз чаптырып гана тим болбостон, аларды өздөштүрүп, келечек пландарыбызды такташыбыз абзел.


 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу