Курс НБ на 20.10.2018 $69,3251 €79,3703

Подмосковьеде өлтүрүлгөн кыргызстандыктардын сөөгү мекенинде жерге берилди

Коом
10 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
179

Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жарандык активист Жылдыз Осмонованын айтымында, маркумдардын сөөгү бүгүн таңкы саат 5.00дө "Ош" эл аралык аэропортуна келип түшкөн. Андан соң туугандары кичи мекени Өзгөндүн Куршаб айылына алып кетип, жерге беришкен.

 

Белгилей кетсек, 37 жана 38 жаштагы КР жарандары 29-декабрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Биринин сөөгүн 30-декабрда Москва облусунун Жуковский шаарында Наркомвод көчөсүндөгү Москва дарыясынын жээгинен балыкчылар табышкан. Экинчиси да ошол эле жерден 7-январь күнү табылган. Экөө тең киши колдуу болгон.

 

Каза болгондордун бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катттодо турганын КР ИИМи тастыктаган. Экинчиси бир ай мурун оорукчан уулуна операция жасатууга каражат чогултуу үчүн Москвага барганы айтылган.

Бул факты боюнча Москва облусунун Тергөө комитети тарабынан РФ Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы күндө полиция кызматкерлери менен бирдикте КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү кылмыштын бетин ачуу боюнча иштерди алып барууда.

Булак: Спутник

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.