Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

Пляжга жакын жерге талапка жооп берген курулуш курууга болот

Коом
11 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
323
Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети  пляждык зоналарда курулуш курууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун четке какты. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде санитардык-эпидемиологиялык жана башка ченемдерге так жооп берген обьектилерди пляждык зонага курууга уруксаат берүү зарыл. Депутат  Т.Конушбаев талкуунун жүрүшүндө  жеңил конструкциядагы заманбап курулуштар Ысык-Көлдүн пляждык зонасынын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга өбөлгө болот,-деген пикирин айтып, жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушталган мыйзам долбоорун четке кагып, өзгөчө зонага курулуш курууга макулдугун беришти.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.