Курс НБ на 25.09.2018 $69,0754 €81,2361

Пенсияга документ тапшыруу жөнөкөйлөштүрүлөт

Коом
14 - Март 2018
www.erkintoo.kg
136
Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеӊеште пенсияга чыгаарда талап кылынган документтердин санын кыскартууга багытталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору каралды.  Депутат Аалы Карашев пенсияны дайындоодо жарандар Социалдык фондго көп сандагы документтерди даярдоодо көп убакыт кетирерин айтты. Ошондон улам жарандар үчүн зарыл документтерди даярдоонун жол-жоболорун жеңилдетүү жана анын тизмесин кыскартуу менен пенсияларды дайындоонун тартибин өзгөртүү демилгеси сунушталып жатканын маалымдады. Жыйын соңунда мыйзам долбоору  үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.