Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

Павловния-Кыргыз Кут Дарак” ЖЧКсынын башкы директору Эрмек Кубатаев: “ПАВЛОВНИЯ- ПАЙДАСЫ КӨП ДАРАК”

Коом
16 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
140
Павловния дүйнөдөгү эң бат өскөн дарак катары таанылган. Өтө сейрек кездешкен өсүмдүктөрдүн катарын толуктайт. Жеке ишкер эрмек кубатаев павловнияны кыргызстанга алып келип, кут дарак атады. Кут дарак тууралуу кеңири маек курдук.
 
- Эрмек Сатымкулович, павловния дарагы кайсыл мамлекеттен алынып келинет, Кыргызстанда өстүрүлүп жатканына канча жыл болду?
- Павловниянын алгачкы калемчелерин Болгариядан аз санда буйрутма кылганбыз. Заманбап, жакшы сортторун Кытайдан таап, ошол жактан алып келип жатабыз. Азыр Кыргызстандын ар кайсыл аймактарында питомниктерди өстүрүп, кеңири жайыла баштады. Негизи бул даракты алгачкы жолу 2014-жылы күзүндө алып келип үй шартында өстүрүп көрдүк. 2015-жылы шаарга таркатылып, питомниктерде өстүрүү башталды. 2011-жылдан тартып эле Кыргызстанга алып келүү максатында жүргөм.
- Бул дарактын мекени кайсыл мамлекет экен?
- Мекени - Япония, Кытай, Түштүк-Чыгыш Азия. Азыр дүйнөнүн бардык жерлеринде өстүрүлүп жатат. Жапайы түрдө Американын жылуу жактарында өсөт.
- Эмне максатта өстүрүп жатасыздар, кандай пайдалуу жактары бар экен?
- Биринчи эле максатыбыз элди арзан, сапаттуу жыгач менен камсыз кылуу. Россиядан ташылып жаткан жыгачтардын келишин азайтыш.
Павловнияны сапаты жагынан алсак жеңил, чирибейт. Мындан яхта, лыжа, сноуборд сыяктуу доскаларды да жасашат. Курулуш материалы катары пол, эшик, терезе жасаганга колдонсо болот. Японияда эң кымбат эмеректерди ушул жыгачтан жасашат. Себеби, оймо-чиймелерди жасаганга аябай жумшак, жарылбайт экен. Башка жыгачтарга окшоп жарым жыл кургатыштын кереги жок. Тез өскөндүктөн 4-5 жылда эле кыйып иштеткенге даяр болот. Жылына Чүйдө 3-4,5 метрге чейин өсүп жатат. Түштүктө жаз эрте келип, күз кеч келгендиктен бир жылда 7-8 метрге чейин жетет. Дагы бир жакшы жери кыйгандан кийин, экинчи жолу кайра 5 жылда кыйса болот. Ошол эле көлөмдө. Бир көчөттүн тамыры 70 жылдан 100 жылга чейин жашайт. Ошондуктан бир даракты 7-9 жолкуга чейин кыйса болот.
Кыргызстанда акыркы жылдары чоң көйгөйлөр пайда боло баштады. Токойлордун аянты кыскарып, анын кесепети экологиялык абалга кедергисин тийгизүүдө. Токойду кыюу жылдан-жылга күчөп жатат. Ошондуктан бул даракты өстүрүүгө ар бир дыйканга түшүндүрүп, шарт түзүп берсек, токойлорубузду сактап калат элек.
 Жалбырагы чоң болгондуктан, кычкылтекти башка бактардан он эсе көп чыгарат. Статистика комитетинин маалыматына караганда Кыргызстанда 67 миң гектардан ашык жерлер деградация болуп жатат. Жер кыртышы бузулган жерлерди калыбына келтирип, жөнгө салат. Жыгачы жеңил, бышык болот. Жылуулукту жакшы сактайт. Табы көмүрдөй күчтүү. Европада, Америкада брикет жасап, көмүрдүн ордуна пайдаланып жатышат. Тамыры аз убакыт ичинде эле 9-10 метрге чейин жетет. Ошондуктан көчкү жүрө турган жерлерге да олтургузсак болот.
Павловния – биоэнергетикадагы жаңы тренд. Андан тышкары силос сыяктуу биомассага ылайыктуу, кошумча булактардан тандалган ыкмалар менен кайрадан иштетилген заттардан энергия алууда колдонулат. Күчтүүлүгү бедедей болгондуктан, тоют катары мал чарбачылыгына пайдаланса болот.
Америка, Европа, Казакстанда этанолду бензиндин ордуна колдонуп жатышат. Экологиялык жактан таза болот. Бир тонна павловния жыгачынан 510 литр этанол чыгат экен.
Бул даракты дагы кеңири таратсак, аймактардагы социалдык абал кыйла жакшырып, элге жумуш болот. Жалбырактары чоң болгондуктан, көлөкөнү жакшы берет. Тоо этектерине тигилсе абанын температурасын төмөндөтүп, мөңгүлөрдүн тез эрип кетишинен сактап калабыз.
 Азыр шаарда аба бузулуп жаткандыгын көрүп жатасыздар. А түгүл айылдарда да кышында сыртка чыгыш мүмкүн эмес. Баары от жагат. Европа көмүрдөн баш тартып, брикеттерин жагып башташты. Япония, Америка павловнияны жыш тигишип, ар эки-үч жыл сайын кесип алат. Кесип алгандан кийин кайра чытырман болуп чыга берет. Аны брикет катары көмүрдүн ордуна пайдаланышат. Көмүрдө уулуу заттар бар. Ал эми павловниянын брикеттери экологиялык жактан таза, коопсуз отун болот, күйгөндө күл калбайт.
Шаарларда болсо көрктөндүрүү максатында тиксек болот. Гүлдөрү кооз, жыты жагымдуу. Бир гектар плантацияга орто эсеп менен 700дөн 1000ге чейин бак олтургузулат. Маселен, 700 бак болсо, 1 гектардан 700 килодон 1000 тоннага чейин бал берет. Бир жарым, эки айга чейин гүлдөйт. Ширеси көп болот.
- Кандай шартта жакшы өсөт?
- Жылуу жактарда жакшы өсөт. Алгачкы эки жай сугарып туруш керек. Андан кийин суу талап кылбайт. Себеби, тамыры тик ылдый кеткендиктен сууну, нымдуулукту ылдый жактан алат. Эң жакшы шартта Чүй менен Түштүктө жетилип жатат. Бир күндө 3-4 см чейин өсөт.
Дегеле быйыл Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында өстүргөндөр көбөйдү. Суукка чыдамдууларын алып келип Нарынга эксперимент катары өстүрүп жатабыз. Плантациялар 2017-жылы гана олтургузула баштады. Ага чейин 2015-жылы шаарды көрктөндүрүү максатында тиккенбиз.
- Баасы кандай, кайдан сатып алышса болот?
- Россиянын даяр жыгачын орто эсеп менен бир чарчы метрин 14 миң сомдон сатып жатышат. Бизде Европалык сатып алуучулар бар. Алар тилбей эле алып кетебиз деп жатышат. Бир чарчы метринин баасын 14 миң сом деп койдук. Бирок, жыл сайын кымбаттап жатат. Балким 300 доллар болуп кетиши мүмкүн. Дыйкандар олтургузса бир чарчы метрден 200-300 долардан пайда алса болот. Бир гектарда 1000 дарак болсо, 5 жылдан кийин кыйсак, эң кеминде 400 чарчы метр жыгач алабыз. 400 чарчы метр жыгачты 200 долларга көбөйтсөк 80 миң доллар киреше түшөт. Дыйкан ар бир 5 жылда бир гектардан 80 миң доллар киреше тапса эң жакшы пайда эмеспи.
Бул дарактын уругу, көчөттөрү бир жылдык болуп бөлүнөт. Орточо эсеп менен бир карыш көчөтү 200 сомдон болсо, чоң көчөттөрүн 1000-1500 сомдон сатабыз.
Кызыккандар (0777) 56-38-46 телефонуна байланышып, сатып алышса болот.
 
Жылдыз Дыйканова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу