Курс НБ на 30.10.2020 $81,8000 €95,9514

Парламентте жапайы айбанаттарды атууга мараторий киргизүү сунушталды

Коом
01 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
576
Депутаттардын айрымдары сунуштаган мыйзам долбоор боюнча, аңчылык кылууга 2030-жылга чейин тыюу салынат. Мындай чара Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын, өзгөчө сейрек кездешүүчү айбанаттардын саны кыскарып кеткени менен түшүндүрүлөт. Бирок анын каршылаштары лицензиядан казна жылына 52 миллион сомдон кол жууйт деп чыгышты. Анын үстүнө аңчылык Кызыл китепке кирген жаныбарларга тиешелүү эмес деген пикирлер айтылды. Белгилей кетсек,  экологдор ак илбирстин саны браконьерлерден гана эмес, жырткычтардын азыгы болгон марал, теке сыяктуу айбанаттардын атылып жатышынан дагы азайып кеткенин билдиришүүдө.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.