Курс НБ на 18.01.2021 $84,4817 €102,4848

​Пандемиядагы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы конференция өтөт

Коом
25 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
77
Бүгүн Бишкекте пандемиядагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө багытталган конференция өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар кабарлады. Маалыматка ылайык, конференция  «Covid-19 пандемиясы учурундагы гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөш: үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жетишкендиктер жана сабактар» деген темада болот. Иш-чарага эксперттер, мамлекеттик орган жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Пандемиядан тарта Кыргызстанда үй-бүлө зомбулугу 70% көбөйгөн. Милиция 2019 зомбулук учурду каттаган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 65% көп.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу