Курс НБ на 20.10.2019 $69,8031 €77,6699

Оштогу коюу тумандан улам каттамдар убактылуу токтотулган

Коом
18 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
289
Ош аэропорту аба ырайына байланыштуу убактылуу өз ишин токтотту. Бул тууралуу "Манас" аба майданынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, Оштогу коюу тумандын айынан үч рейс токтотулган. "17-январдагы каттамдар  боюнча Ош — Бишкек каттамы менен саат 20.00дө, 23.30да жана 23.55де үч самолет учмак. Бирок коюу туманга байланыштуу каттамдар токтотулду. Абал эртең менен жөнгө салынары күтүлүүдө",-деп билдиришти.  Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Москвадан келген учак “Манас” аэропортуна келип конгон.
Самара Капарова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.