Курс НБ на 13.11.2019 $69,8469 €77,0062

​Ошто жатаканын жашоочулары чыгарылып жатат

Коом
20 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
89
Ош шаарынын «Манас-Ата» (ХБК) кичирайонунда жайгашкан «Ак мөөр» аттуу үй-бүлөлүк жатакананын 80ден ашык жашоочусун сот аткаруучулар мажбурлап чыгарып жатат. Бул туурасында  «Азаттыкка» жашоочулардын коомдук жактоочусу Төлөгөн Келдибаев кабарлады. Анын маалыматына караганда,  сот аткаруучулардын эскертүүсүнө карабай жашоочулар үйдөн чыгуудан баш тартып жатышат. Ал эми тургундар  имарат аларга караштуу болгонун, Ибайдилла Бидинов аттуу жаран тартып алганын, эми күч менен чыгаруу аракети жүрүп жатканына даттанышты.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.