Курс НБ на 19.11.2017 $69,7468 €82,2140

Ошто унаа жардан кулап, айдоочу каза болду

Коом
14 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
13

Маалыматка ылайык, окуя 13-ноябрь күнү болжол менен саат 21.00дөр чамасында Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 170-чакырымында болгон. ВАЗ-2106 унаасын айдап бараткан Алай районунун 45 жаштагы айдоочусу жардан кулап кеткен.

"Маркум Сары-Ташка бараткан экен. Алдын ала маалымат боюнча тилкенин ачык жеринен бурулуп жатып рулга ээ боло албай калган. Унаа серпантин жолдо трассадан чыгып төмөн көздөй кулап кеткен. Айдоочу ошол жерден мүрт кетиптир",- делет билдирүүдө.

Кырсык болгон жерде ыкчам топ иштеп жатат.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу