Курс НБ на 03.03.2021 $84,8000 €102,3960

​Ошто электр жарыгы өчүшү мүмкүн экендиги эскертилүүдө

Коом
16 - Декабрь 2020
www.erkintoo.kg
65
Электр энергиясы үнөмдүү колдонулбаса өлкө аймагында тартыштык жаралып, жарык өчүшү ыктымал. Бул туурасында «Ош электр» жана «Жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын жетекчилери басма сөз жыйынында билдиришти. Алардын айтымына караганда, өкмөттүн токтому менен ар бир аймака электр колдонуу лимити коюлган. Анын негизинде Ош жана Баткен облустарына күнүнө 12 млн. 965 миң киловатт-саат берилген. Учурда электр энергиясын колдонуу 14 млн. 938 миң киловаттка жетүүдө. Быйыл энергетиктер Токтогул суу сактагычында топтолгон суу аз болгондугуна байланыштуу  энергиянын тартыштыгына алып келет деп айтып жатышат.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу