Курс НБ на 05.08.2020 $76,9120 €90,7023

Ош облусунда облус аралык каттамдар 10-июлдан тартып токтотулат

Коом
09 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
56

Андын тышкары облустук казыятка мечиттердеги жума намаздарды токтотуу сунушу берилди. 
Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирди. Андан алынган маалыматка караганда, мындан тышкары облус аралык каттамдар 10-июлдан тартып токтотулат. Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Облус аймагындагы базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү иштебейт, дезинфекцияланат.Эс алуучу жайларда, жаратылышта ар кандай иш-чаралардын, аш-тойлордун өткөрүлүшүнө тыюу салынат. Жарандардын жаратылышка эс алууга чыгышына да уруксат берилбейт.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу