Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

​Ош мамлекеттик университетинин ректорлугуна төрт талапкер ат салышууда

Коом
05 - Ноябрь 2019
www.erkintoo.kg
32
 Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат кызматынан билдиришти. Талапкерлерди каттоо 24-октябрда аяктап, 4-ноябрга чейин үгүт иштери жүргөн. Бүгүн, 5-ноябрда, университеттин башкы имаратында шайлоо өтүп жатат, жыйынтыгы кечке жуук чыгат. Биринчи талапкер Кудайберди Кожобеков, 44 жашта. 2017-2019-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп иштеген. Каныбек Исаков кеткенден кийин ректордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент;
Бибигүл Кошоева, 47 жашта. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык институтунун телематика кафедрасынын башчысы. Техника илимдеринин кандидаты, доцент; Алтынбек Зулпукаров, 47 жашта. Кыргыз-өзбек университетинин сырттан окуу боюнча проректору. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент; Шайымбек Эгембердиев, 52 жашта. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Үзгүлтүксүз жана дистанттык билим берүү институтунун социалдык, маалыматтык технологиялар кафедрасынын доценти. Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу