Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Ош базарында этти сатууга аракет кылган сатуучуга 2000 сом айып салынды

Коом
16 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
361
Ош базарында ветеринардык документтери жок этти сатууга аракет кылган сатуучуга 2000 сом айып салынды. Мындай маалыматты “NazarNews.kg” сайты жазып чыкты.  Тамак аш коопсуздугун камсыз кылуу багытында учурда кун сайын базарларда көзөмөл иштерин күчөтүлгөн тартипте текшерүүгө алуу иши колго алынган. Бул туурасында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын инспекторлору тарабынан Ош базарында ветеринардык документтери жок чочко эти кармалган. Текшерүүлөрдүн негизинде этти сатууга аракет кылган сатуучуга 2 000 сом админстративдик айып салынды.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.