Курс НБ на 21.07.2018 $68,2377 €79,4389

Ош базары атайылап өрттөлгөн

Коом
13 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
59
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов бүгүн, 13-апрелде жакында эле Ош базарында эки ирет кайталанган өрттү атайылап жасалган деп айтты. Анткени өрт бир эле учурда эки үч жерде башталганы аныкталды. Кошумчаласак, кечээ 12-апрелде Кыргызстанда 12 өрт кырсыгы катталды. Бишкек менен Ошто – экиден, Талас, Ысык-Көл облустарында – бирден жана Жалал-Абад облусунда эки өрт кырсыгы орун алды. Бишкекте Фрунзе көчөсүндөгү “Вилла” мейманканасынын 3-кабаты, “Берекет” базарында 2 миң чарчы метр аянт, Жалал-Абад шаарында борбордук рынок өрттөндү.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.