Курс НБ на 20.09.2020 $79,0444 €93,7348

Орусиянын президентин Стамбулда күтүп жатышат

Коом
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
539
10-октябрда Орусиянын Президенти Владимир Путин иш сапар менен Түркияга барат.
Стамбулда Владимир Путин Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушат жана Бүткүл дүйнөлүк энергоконгресске катышат. Энергоконгресс 9-октябрда башталып, 13-октябрда жыйынтыкталат. Эске салсак, Эрдоган менен Путин буга чейин 9-августта Санкт-Петербургда жана 3-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында жолугушкан.
Ал эми Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев кечээ, 4-октябрда: “Мен быйыл Владимир Путин менен 8-ирет жолугушуп жатам”, - деп айтты.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.