Курс НБ на 09.12.2019 $69,8500 €77,2820

Оогандык кыргыздар Алайга көчүрүлүп келет

Коом
28 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
377
Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар боюнча бөлүм башчысы Жыпар Мамбетова маалымдады. Ооганда катаал шартта жашаган кыргыздарды көчүрүү иштери пилоттук долбоордын алкагында ишке ашып, май айында 30 кайрылман Чоң -Алайга көчүрүлүп келет. Ал эми көчүрүү иштерине Памир кыргыздарын колдоо максатында бөлүнгөн акчадан бөлүнөт. Кайрылмандарды Чоң-Алай районуна көчүргөн менен аларга турак-жай берүү маселеси азырынча чечиле элек. “Бирок, алардын балдары үчүн Билим берүү жана илим министрлиги атайын окутуу программасын иштеп чыгуусу мүмкүн. Анткени алардын арасында сабаттуулары фарси тилинде окуп жазышат” – дейт Мамбетова. Аталган райондун администрациясы өкмөттүн буйругу менен Кашка-Суу айылынан 20 гектар жер бөлгөн.
 Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.