Курс НБ на 21.08.2019 $69,8160 €77,4818

Ооган согушу учурунда дайынсыз жоголгон Ноокен районунун тургуну 36 жылдан кийин тирүү табылды

Коом
11 - Февраль 2019
www.erkintoo.kg
269
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Толубай Энназаров билдирди. Анын айтуусунда, өткөн жылы Орусиянын телеканалдарынын биринен дайынсыз жоголгон Советтер союзунун жоокерлеринин арасынан Орозалы Кочкоровдун аты аталып, анын Ооган жергесинде жашап жаткандыгы тууралуу маалымат чыккан. "Учурда Орозалы Кочкоров Ооганстандын Чакчаран шаарындагы департаменттердин биринде электрик болуп иштеп жатыптыр",-деген Толубай Энназаров. Орозалы Кочкоров Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну, үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчиси. 1982-жылы 18 жаш курагында Ооганстандагы согушка жөнөтүлүп, 1983-жылдын жаз айларында барымтага алынган бойдон дайынсыз жоголгон. Учурда ооган согушунун ардагерлер кеңеши ооганчы жоокерди туугандары менен байланыштыруу аракетин көрүүдө. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.