
Курс НБ на 18.01.2021 $84,4817 €102,4848

Он айда 20 миңден ашык өрт чыгып 102 адам куткарылган
Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары ар кандай кырсыктардан 221 адамды куткарышкан. Анда өрттөн 102, жол кырсыктарынан 74, экстремалдык абалдагы 44 жана көлмөдөн бир адамды куткарышкан. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жалпы 829 адамга жардам көрсөтүлсө анын ичинен 33 кишиге дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз кырдаалга туш болгон 392 кишиге, үйүнүн эшиги жабылып калган 4040 кишиге жардам беришкен.
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек