Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Окуучулар 30-декабрдан тарта каникулга чыгышат

Коом
20 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
369
Кыргызстандагы мектеп окуучулары кышкы каникулга 2016-2017-жылга каралган базистик окуу планы боюнча 30-декабрдан 10-январга чейин 12 күн эс алышат. Бул тууралуу  Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Эске салсак,  ноябрдын аягы жана декабрдын башы менен Бишкек шаарындагы бардык мектептер, Чүй, Жалал-Абад облустарындагы бир катар мектептер сасык тумоодон улам карантинге жабылган. Карантинге жабылган жалпы мектептердин саны 161ге жеткен. Министрликтин маалыматына караганда, кышкы каникулдун узактыгы ар бир райондо түрдүү белгиленген.  "Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү мектептер сасык тумоодон улам карантинге жабылган убакытты эске алып,каникулдун мөөнөтүн министрлик менен макулдашат.  
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.