Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Окумуштуулар кебез таяк менен кулак чукубоону сунушташууда

Коом
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
1098
АКШнын  отоларингология академиясынын эксперттери кулакты тазалоо боюнча жаңы сунуштарын айтышты. Алар кулакты  кебез таякчалар менен чукубаш керектигин белгилешет.  Окумуштуулардын айтымына караганда, кулактагы кирлерди кебез таякча менен тазалоого аракет кылбоо кажет. Себеби кулактын ичиндеги кирлер өзү табигый жол менен тазаланат. Кебез таякча менен тазалоодо кирлер кулактын ичин көздөй кетип, угуу системасына тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Кулактагы күкүмдөр кайра угуу каналын сырткы чаңдардан коргоп, аларды өздөрүнө сиңирип алат. Бирок, кээ бир учурларда айрымдардын кулагы табигый жол менен тазаланбай, кулакта кир пайда болуп бүтүп калышы мүмкүн. Бул  учурда   дарыгерге тазалатуу керек.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.