Курс НБ на 14.08.2020 $78,0000 €92,3520

Обу жок тамаша өлүмгө алып келди

Коом
21 - Апрель 2017
www.erkintoo.kg
402
Кургактагы аскерлердин №92843 аскер бөлүгүңдө тамашанын айынын кырсык болуп, бир аскер каза тапты. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Кугактагы аскерлер командачылыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, катардагы аскер Абдусаид Тургунбаевди кызматташ жоокер куралы менен коркутам деп кокустуктан улам көкүрөк тушка атып алган. Алган жараатынан жоокер ооруканага бара жаткан жолдо каза тапкан. Учурда Абдусаид Тургунбаевди атып алган жоокердин үстүнөн кылмыш иши козголду. Ал эми маркум жоокердин сөөгү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында жерге берилди.
Нур БАЛБАК


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.